Бишкекте өздөрүн «Бонни жана Клайд» деп атаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды — алардан баасы 12 млн сомдук баңгизат табылган

17.04.2026 | 16:40

Бишкекте КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери өздөрүн «Бонни жана Клайд» деп атаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Алардан жалпы баасы 12 миллион сомго чейин жеткен дээрлик 2,3 килограмм баңгизат табылып алынды, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 13-апрелде кармалгандардын бири — 1995-жылы туулган эркек киши — интернет-дүкөндө узак убакыт бою ири таңгактоочунун ролун аткарып, тыюу салынган заттарды сатууга даярдоо менен алектенип келгени аныкталган. Экинчи кармалган жаран — 1999-жылы туулган аял киши — баңгизаттарды андан ары сатуу үчүн жашыруун жайларга катып кетүүчү («закладчица») функциясын аткарган.

Бишкектеги үйлөрдүн биринин короосун тинтүү учурунда ичинде баңгизат жана психотроптук заттары, ошондой эле таңгактоо үчүн буюмдар — электрондук тараза, изолента, бычак жана зип-пакеттер бар бут кийимдин кутусу табылган.

Ашкана бөлмөсүнөн кошумча ак түстөгү зат салынган эки баштык табылып алынган.

Алынган заттардын жалпы салмагы 2 килограмм 295 граммды түздү, бул болжол менен 6 885 бир жолку дозага барабар. Алдын ала баалоо боюнча, бул партиянын баасы 10–12 миллион сомго жетет.

Учурда кылмыш иши козголуп, соттук-химиялык экспертизалар дайындалды, тергөө жүрүп жатат.

Scroll to Top