Кыргызстанда Nestlé балдар аралашмаларынын партиялары чакыртылып алынууда. Кайсыларды алууга болбойт?
Кыргызстанда Nestlé компаниясы өндүргөн балдар үчүн сүт аралашмаларынын айрым партияларын шашылыш түрдө кайтарып алуу башталды. Бул чечим продукцияда балдарда кусуу жана ич өткөк сыяктуу тамак-аштан уулануунун белгилерин чакырышы мүмкүн болгон цереулид токсининин бар болуу ыктымалдыгына байланыштуу кабыл алынды.
КР Саламаттык сактоо министрлиги расмий дистрибьютор «Forester» ЖЧКсынан ыктыярдуу түрдө кайтарып алуу жол-жобосу башталгандыгы тууралуу расмий билдирүү алды. Сатыктан алууга продукциянын микробиологиялык коопсуздук стандарттарына дал келбестиги тууралуу шектенүүлөр негиз болду.
Сатыктан алына турган партиялардын тизмеси (800 граммдык таңгактар):
- NAN 1 Optipro: лот № 51180346AD (жарактуу мөөнөтү 30.04.2027 чейин) жана лот № 51560346AE (жарактуу мөөнөтү 30.06.2027 чейин);
- NAN 1 SUPREMEPRO: лот № 51710742F2 (жарактуу мөөнөтү 30.06.2027 чейин);
- NAN 2 SUPREMEPRO: лот № 51230742F2 (жарактуу мөөнөтү 31.05.2027 чейин).
Ошондой эле NAN OPTIPRO 2, NAN EXPERTPRO, NAN 2 OPTIPRO, PRENAN жана NAN LACTOSE FREE аралашмаларынын айрым партияларын кайтарып алуу ыктымалдыгы кабарланууда. Лоттордун сериялык номерлеринин толук тизмесин түздөн-түз дистрибьютордон тактоо зарыл.
Адистер ата-энелерге сатылып алынган аралашмалардын таңгактарын текшерип чыгууну катуу сунушташат. Эгерде продукттун аталышы жана лоттун номери дал келсе, баланы бул аралашма менен тамактандырууну дароо токтотуу керек. Керектөөчүлөр товарды кайтарып берүү же алмаштыруу үчүн ал сатылып алынган соода түйүндөрүнө кайрылууга укуктуу.