Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Салык кызматы алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкасын жогорулатты
13.01.2026 | 09:53

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тарта алкоголдук продукцияга салынган акциз салыгынын ставкасы жогорулаганын эскертти. Атап айтканда, аракка салынган салык литрине 200 сомго чейин көбөйтүлдү.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети 2025-жылдын 18-декабрында токтом кабыл алган. Анда 2026-жылдан 2029-жылга чейин аталган продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап менен жогорулатуу каралган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11 айында Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн алкоголдук продукциядан бюджетке 3 млрд 448,3 млн сом акциз салыгы түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика