«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Жыл башынан бери акциз салыгынан бюджетке 19,4 млрд сом түштү
22.12.2025 | 17:39

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстанда өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгы түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%га көп.
Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн товарлардан 11 айда бюджетке 4 млрд 826,3 млн сом акциз салыгы түшкөн. Анын ичинде:
- алкоголдук продукциядан 3 млрд 448,3 млн сом;
- алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 297,0 млн сом;
- мунайзаттан 70,0 млн сом;
- тамеки продукциясынан 8,2 млн сом түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика