№13 округдан кайра парламенттик шайлоого катышуу үчүн 4 жаран арыз берди

14.01.2026 | 16:16

№13 округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 4 жаран арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳт. Шайлоого талапкер болууну каалагандар арыздарды 29-январь саат 18:00гө чейин бериши керек.

2025-жылдын 30-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрда, №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Буга бул округга караган 35 шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар себеп болгон. БШК аталган участоктордо катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын маалымдаган.

Scroll to Top