Баткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдарБизнес ашыкча отчеттуулуктан бошотулат. Статистика системасы өзгөрөтБШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырды
Борбор Азияга Евробиримдик кошумча 72 млн евро бөлөт
08.07.2019 | 16:28
7-июлда Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталышындагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Ага Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен аймактагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты. Жыйындын аягында аймактагы өлкөлөгө кошумча жардам берилери айтылды.
Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы стратегия боюнча 2014-жылдан 2020-жылга чейин 1 миллиард доллар бөлүү каралган. ЕБ буга кошумча ар түрдүү долбоорлорду каржылоо үчүн 72 миллион евро бөлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика