Эдил Байсалов Жапониянын жаңы элчиси менен жолугушуу өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Ынтымак Ордо» мамлекеттик резиденциясында Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр жапон өкүлүнүн өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу болуп өттү.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов эки тараптуу мамилелердин туруктуу мүнөзүн жана аймактык кызматташтык үчүн «Борбор Азия + Жапония» диалогунун мамлекет башчыларынын Биринчи саммитинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Негизги көңүл Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндөгү Жапониянын ролуна, анын ичинде Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) программаларын ишке ашырууга бурулду. Тараптар инвестиция, салык салуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана туристтик байланыштарды чыңдоо келечегин кеңири талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттер аралык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын ырасташты.