Кыргызстандын ири мамлекеттик компаниялары эл аралык рынокторго чыгууга даярдалууда

16.01.2026 | 16:30

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эл аралык баалуу кагаздарды чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи жыйынын өткөрдү. Жолугушуунун негизги темасы акцияларды жана облигацияларды дүйнөлүк каржы аянтчаларына жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик сектордун тышкы инвестицияларды тартууга даярдыгын баалоо болду.

Иш өлкөнүн тышкы каржылоо булактарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган Президенттин 2025-жылдын 29-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлүүдө. Бул этапта тармактык ведомстволор алдыңкы мамлекеттик компаниялардын каржылык көрсөткүчтөрүнө аудит жүргүзүүнү аяктап, фондулук рынокто иштөө үчүн эң жогорку дараметке ээ ишканалардын тизмесин аныкташты. Бир катар уюмдар потенциалдуу эл аралык өнөктөштөр үчүн конкреттүү инвестициялык декларацияларды жана презентациялык материалдарды даярдап коюшту.

Данияр Амангелдиев стратегиялык милдет капиталды тартуу гана эмес, мамлекеттик секторду башкарууну сапаттуу трансформациялоо экенин баса белгиледи. Ишкана жетекчилеринин алдына толук каржылык ачык-айкындуулукту камсыздоо жана Кыргызстанды глобалдык каржы рыногунун ишенимдүү катышуучусу катары көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү имиджик долбоорлорду ишке ашыруу милдети коюлду.

Буга чейин жумушчу топ республиканын алгачкы еврооблигацияларын жайгаштыруунун жыйынтыгын чыгарып, Улуттук инвестициялык фонддун иштөө механизмдерин түзүүгө киришкен.

Scroll to Top