Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Кыргызстанда кытай капиталы бар жаңы банк пайда болот
19.01.2026 | 12:32
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы «Алма Финанс Банк» ЖАКына лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы каржы мекемеси улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болду. Юридикалык жактан «Алма Финанс Банк» ЖАКы 2025-жылдын 30-июлунда КР Юстиция министрлигинде расмий каттоо жол-жобосунан өткөн.

Уюштуруучу документтерге ылайык, банк чет элдик капиталды тартуу менен түзүлгөн. Уюштуруучулардын курамына Кытай Эл Республикасынын үч жараны: Ван Цюангань, Кан Цзяньлинь жана Лю Вэнь Чжун кирди. Каржы уюмунун башкармалыгынын төрагасы болуп Ван Син дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика