«Стрессте болсоңор, мектепте иштебей эле койгон жакшы». Министр мугалим окуучуну сабаган окуя боюнча комментарий берди

21.01.2026 | 15:33

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги мектептердин биринде окуучу мугалим тарабынан сабалган окуя боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал Өзгөн шаарындагы мектептин спорт комплексинин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Министрдин айтымында, мугалим балага системалуу түрдө кол көтөрүп келгени белгилүү болгон.

Кендирбаева мугалимдерге кайрылып, мектепке кабыл алынган ар бир бала аманат болуп эсептелинерин билдирди. Ошондой эле мугалимдердин айлыгы көтөрүлсө, натыйжага басым жасала баштаарын айтты.

“Мыйзамды так окугула. Силер кандай иштешиңер керек деп таптак жазылып турат. Эгерде эмоцияңарды кармай албасаңар, стрессте болсоңор, мектепте иштебей эле койгон жакшы. Жаныңарды кай жерде болбосун багасыңар. Ошондуктан биз кийинки айлык көтөрүлгөндө натыйжага басым жасайбыз».”,- деп билдирди министр.

Буга чейин соцтармактарда мугалим окуучуга сабак учурунда кол көтөргөнү тартылган видео тарап, коомдо чоң талкуу жаралган. Окуя Бишкек шаарындагы №87 орто мектебинде кыргыз тили сабагы учурунда болгон. Териштирүүнүн жыйынтыгында, аталган мугалим иштен алынган.

Scroll to Top