Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Милиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат берди
26.01.2026 | 17:36
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов мурдагы жубайына зомбулук көрсөтүп келгени айтылган окуя боюнча расмий маалымат берди.
Милициянын маалыматында, аталган факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Ал эми депутаттын мурдагы жубайына коргоо ордери берилди.
“Бул факт борбор калаанын милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”,- деп билдирди Бишкек ШИИБ.
Буга чейин Тредс соцтармагынын колдонуучусу Асел Азаматова депутат Эльдар Сулаймановдун мурдагы жубайы экенин жана ал тарабынан бир нече жолу сабалып, зомбулук көрүп келгенин билдирген. Эльдар Сулайманов бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар