Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Ишкердикти өнүктүрүү фонду жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди
28.01.2026 | 12:14
Ишкердикти өнүктүрүү фонду иштеп жаткан чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген насыяларды бере баштады. Насыялар боюнча пайыздык чен жылдык 6%ды түзөт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде фонддун жетекчисинин орун басары Адилет Камчыбеков билдирди.
Каржылоо ишкердикти колдоонун мамлекеттик программасынын алкагында берилүүдө. Программа буга чейин чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан компанияларга багытталган. Жеңилдетилген насыялардан өндүрүш, кайра иштетүү, экспорт, IT жана инновация, ошондой эле туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактардын ишкерлери пайдалана алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика