Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Чачын кырып, сабашкан. Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды кыйнаган шектүүлөр камалды
29.01.2026 | 14:50

Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды ур-токмокко алып, чачын жана кашын кырып кыйнаган деп шектелип, 38 жаштагы аял менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга М.К. аттуу тургун арыз менен кайрылып, 9-январга караган түнү анын 17 жаштагы кызын 3 адам эч бир себепсиз сабап, кашы менен чачын кырып кыйнаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү кармалып, соттун чечими менен бир айга камалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү аял мурда бейбаштык жана алдамчылык фактылары менен соттолгондугу аныкталган. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар