Кыргызстандын банк секторунун активдери жыл башынан бери дээрлик 30%га өстү25-июнга карата аба ырайынын божомолуБишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсү
Финансы министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү каржылоонун көлөмүн жарыялады
29.01.2026 | 14:31
2025-жылы кыргыз мектептеринин 12 жылдык окутуу программасына өтүүсү үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди.
Каражаттар төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн: эмерек үчүн — 48 млн сом, компьютерлерге — 47 миллиондон ашык, чарбалык муктаждыктарга — 175 млн жана жаңы окуу китептерин сатып алууга — 815 млн сом.
Реформаны улантуу үчүн 2026-жылдын республикалык бюджетинде 1 млрд 66 млн сом каралган. Белгилей кетсек, учурдагы (2025/26) окуу жылында 1, 2, 5 жана 7-класстын окуучулары 12 жылдык программага өтүшкөн.