Кыргызстандын МЖӨ борбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,9 млрд доллардан ашык жеке инвестиция тартты

30.01.2026 | 10:25

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Отчетко ылайык, мекеменин долбоордук портфели жалпы көлөмү 434 млрд сомдон ашкан жеке салымдар менен 90 демилгеге жетти. Отчеттук мезгил ичинде транспорт, логистика, айыл чарба жана экология тармактарында 14 жаңы макулдашууга кол коюлуп, бул республиканын экономикасына 3,9 млрд АКШ долларынан ашык каражаттын келишин камсыздады.
Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Инвестициялык өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү катары масштабдуу инфратүзүмдүк долбоорлор саналат: Төө-Ашуу аркылуу өтүүчү «Келечек» акы төлөнүүчү тоннелинин курулушу, «Трансевразиялык маршрут» долбоорун ишке ашыруу, Бишкектин чыгыш айланма жолун куруу жана Кара-Сууда соода-логистикалык борборду түзүү. Инфратүзүмдүк курулуштар менен катар 2025-жылы социалдык маанилүү объекттер, анын ичинде «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси, Ош шаарындагы МРТ борбору, ошондой эле Кыргызстан эл аралык университетинин базасындагы «U Nexus Hub» инновациялык хабы пайдаланууга берилди.

Белгиленгендей, көрсөткүчтөрдүн системалуу өсүшү терең мыйзамдык реформалар менен камсыздалган. 2025-жылы МЖӨ жөнүндө Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, чакан долбоорлорду ишке киргизүүнүн жеңилдетилген тартибин киргизди. Ошондой эле инвесторлордун мамлекеттик жерлерди жана мүлктү тоорук өткөрбөстөн, жеңилдетилген ижара чендери менен алуу укугун бекемдеди. Бул чаралар узак мөөнөттүү мамлекеттик долбоорлорго жеке капиталдын кириши үчүн тоскоолдуктарды олуттуу азайтууга мүмкүндүк берди.

Отчеттук мезгилде тармактын институционалдык өнүгүүсү Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) менен биргеликте КРСУнун базасында МЖӨ Академиясынын түзүлүшү менен коштолду. Программа кесипкөй кадрдык резервди түзүүгө жана мамлекеттик кызматкерлерди бүтүмдөрдү түзүмдөштүрүүнүн эл аралык стандарттарына окутууга багытталган. Бишкекте «Күчтүү өнөктөштүк үчүн синергия» урааны астында өткөн МЖӨ боюнча IV Эл аралык конференциянын жыйынтыгы менен ЕӨБ экологиялык долбоорлорду жана таштандыларды башкаруу программаларын ишке ашырууда Борбордун негизги эл аралык өнөктөшү катары таанылды. Учурда МЖӨнүн 65 долбоору активдүү ишке ашыруу стадиясында турат. Бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери улуттук инфратүзүмдү модернизациялоонун негизги куралдарынын бири экенин тастыктайт.

Reporter.kg маалымдамасы: МЖӨ — бул Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Ал коомдук маанилүү (инфратүзүмдүк, социалдык) долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет менен бизнестин ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты билдирет. Мында жеке өнөктөш өз ресурстарын, тажрыйбасын жана технологияларын жумшайт, ал эми мамлекет коомдук милдеттердин чечилишине жетишет. Ошол эле учурда тобокелдиктер, пайда жана милдеттер келишим боюнча эки тараптын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Scroll to Top