Америка менен Ирандын ортосунда согуш тутанып жатабы?

30.01.2026 | 12:47

Учурда АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиле абдан чыңалып турат, согуш чыгып кетиши да мүмкүн деген коркунуч бар. Жакында АКШ Иранга жакын деңизге «Авраам Линкольн» деген чоң аскердик кемени жана башка согуш кемелерин жиберди. Бул кырдаалды ого бетер курчутту. Андан тышкары, Дональд Трамп Иранга ачык эле эскертүү берип, ядролук келишим боюнча ыкчам чечим кабыл албаса жана сүйлөшүүдөн баш тартса, АКШнын аскер-деңиз күчтөрү катаал жооп кайтарышы мүмкүн экенин айтты. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну дагы да күчөтүп жатат.

CREATOR: gd-jpeg v1.0 (using IJG JPEG v62), quality = 85

Бирок болуп жаткан  бул окуялар Вашингтон менен Тегерандын ортосунда согуштун болбой койбостугун билдиреби деген суроо ачык бойдон калууда. Азырынча АКШ кандай сокку ураары, анын көлөмү канчалык болору так эмес, баары божомол гана. Эксперттик чөйрөдө тараган версияга ылайык, эгер коркунучтар ишке ашса, Америка тарап Иранга чоң согуш ачпай, ядролук объекттерине, аскердик базаларына же электр, газ сыяктуу маанилүү объекттерине гана  соккуларды урушу мүмкүн. Мунун максаты Иранды толук талкалоо эмес, тескерисинче, күчүн көрсөтүп, сүйлөшүүлөрдө өзүнө пайдалуу шарттарды таңуулоо. Андан сырткары, өтө чоң масштабдагы соккулар Ирандагы жөнөкөй элге зыян тийгизип, АКШнын өлкө ичиндеги нааразылык маанайын колдойбуз деген ниетине туура келбей калмак.

Башка тараптан караганда, АКШны кармап турган чоң себеп бар — Ирандын ядролук мүмкүнчүлүгү так белгисиз. Иран өзү «бизде атомдук курал жок» деп айткан менен, эл аралык адистер Иран аны жасап алууга абдан жакын калды деп эсептешет. Өлкөдө урандын ири көлөмү бар жана ал дээрлик 60 пайызга чейин байытылган. Бул кааласа, Иран кыска убакыттын ичинде атомдук курал жасап алышы мүмкүн дегенди билдирет. Ошондуктан ядролук мүмкүнчүлүгү толук аныкталбаган мамлекетке сокку уруу өтө кооптуу: жооп катары кандай чаралар көрүлөрүн алдын ала айтуу кыйын, кырдаал тез эле көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн.

Иран жетекчилигинин билдирүүлөрү да кошумча чыңалууну жаратууда. Тегеран эгер АКШ тарабынан аскердик кийлигишүү болсо, бүткүл Жакынкы Чыгыштагы Американын аскердик базалары, кемелери жана объекттери мыйзамдуу бутага айланарын эскертти. Андан сырткары, иран тарап Ислам Республикасынын аймагына чабуул жасалса, Израилге сокку урууга даяр экенин ачык белгиледи. Бул сигналдар, анын ичинде Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Шамханинин «АКШнын кандай гана соккусу болбосун согуштун башталышы катары кабыл алынат» деген билдирүүсү, дээрлик сөзсүз түрдө америкалык аскердик жана саясий жетекчилик тарабынан стратегиялык кармап туруучу фактор катары эске алынууда.

Демек, АКШнын аскер күчтөрүн Иранга жакын аймактарга алып келиши — Вашингтондун Иранга басымды күчөтүп, «макулдашууга келбесеңер, баасы кымбат болот» деп эскертүү бергени. Муну менен бирге, Ак үй толук масштабдуу аскердик сценарийге өтүүгө даярбы жана мындай кадам жарыяланган саясий максаттарга жетүүгө мүмкүндүк береби деген суроо талаштуу бойдон калууда. Учурдагы этапта кырдаал согушка карай анык багытты эмес, тескерисинче, кысым көрсөтүү жана эскалациянын чегинде тең салмактуулукту сактоо аракетин чагылдырып турат.

Данияр Токольдошев

Scroll to Top