Кыргызстан жылына миңге чейин дарыгерди чет өлкөгө стажировкага жөнөтүүнү көздөөдө

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КГМА) бүтүрүүчүлөрүн чет өлкөгө стажировкага жөнөтүү үчүн квотаны көбөйтүү маселеси каралууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов министрликтин жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, учурда жыл сайын чет өлкөгө жүзгө жакын адис жөнөтүлсө, бул көрсөткүчтү миңге чейин жеткирүү пландалууда. Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги Орусия, Түркия жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Каныбек Досмамбетов февраль айында Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушат. Анда кыргызстандык адистердин Орусияда бир же эки жылдык стажировкадан өтүүсү үчүн квоталарды көбөйтүү маселеси каралат. Стажировкалар Орусия тараптын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
Бул демилге саламаттык сактоо тармагында кадрлардын тажрыйбасын жогорулатуу максатын көздөйт. Учурда өнөктөштөр менен алгачкы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.