Данияр Амангелдиев АКШнын ири компанияларынын жетекчилерине Кыргызстандын инвестициялык дараметин тааныштырды
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев америкалык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар узак мөөнөттүү экономикалык өнөктөштүктүн келечегин жана биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Диалогдун жүрүшүндө биринчи орун басар республика активдүү түзүмдүк модернизациялоо фазасына киргенин баса белгиледи. Масштабдуу энергетикалык, индустриалдык жана инфратүзүмдүк демилгелерди ишке ашыруу ИДПнын туруктуу өсүшү үчүн негиз түзүүдө. Данияр Амангелдиев Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга өзгөчө көңүл буруп, аны аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн экспорттук дараметин кеңейтүү үчүн негизги долбоор деп атады.
Инвесторлор үчүн маанилүү аргумент катары эл аралык Standard & Poor’s Global Ratings агенттигинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын суверендүү насыялык рейтингин ырасташы болду. Рейтинг «Туруктуу» божомолу менен «B+» деңгээлинде белгиленди, бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга дүйнөлүк каржы институттарынын ишеними өсүп жатканынан кабар берет.
Амангелдиев ошондой эле максаттуу түрдө бизнес-секторду колдоого багытталган салык саясатына басым жасады.
«Министрлер кабинетинин негизги максаты — аймактагы узак мөөнөттүү инвестициялар жана технологиялык өнөктөштүк үчүн Кыргызстанда ишенимдүү, түшүнүктүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү юрисдикцияны калыптандыруу», — деп билдирди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул диалог жаңы биргелешкен демилгелерди ишке киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын рыногунда америкалык компаниялардын катышуусун кеңейтүүгө пайдубал болоруна ишеним билдиришти.