Кыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда
Эмгек акыны кечиктирген иш берүүчүлөргө салынуучу айыптын өлчөмү белгиленди
03.02.2026 | 13:19

Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми эмгек акыны кечиктирген иш берүүчү айып төлөйт.
Эмгек министрлигинин маалыматында, эгерде иш берүүчү эмгек акыны, өргүү акысын, жумуштан бошотуу учурундагы эсептешүүнү же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, ар бир календардык күн үчүн төлөнбөй калган сумманын 25%ын кошуп төлөөгө милдеттүү.
Мындан тышкары, эмгек акыны өндүрүү боюнча сотко кайрылуунун мөөнөтү аныкталды. Иш берүүчү каражаттарды өз убагында төлөбөгөн учурда, кызматкердин сотко кайрылып, каражатты өндүрүп алуу үчүн үч жылдык мөөнөтү бар. Бул мөөнөт эмгек акы төлөнүшү керек болгон күндөн тартып эсептелет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом