Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси алмашты
13.04.2020 | 09:14
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Василий Дашков дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасын жетектеп келген Канатбек Абдыкеримов 2018-жылдын октябрь айында бул кызматка дайындалган болчу.
Ал эми Василий Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча ушул эле ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом