ИИМ: 13-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын бузуп 88 адам кармалды

ИИМ: 13-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын бузуп 88 адам кармалды

13-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 88 адам кармалып, 3автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 56, Ош шаарында – 16, Жалал-Абад шаарында – 10, Сузак районунда – 5, Кара-Суу – 1.
Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган эмес.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472  жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

12-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны  370 адамга жетти. Алардын 54ү сакайып чыгып, 5 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 63 медкызматкер бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>