Ош шаарында Даун синдрому бар балдар үчүн ресурстук борбор ачылды
Ош шаарында Даун синдрому бар балдардын социалдык адаптациясын камсыз кылуу жана алардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондунун күндүзгү ресурстук борбору ачылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты.
Шаар башчысы борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоо мэриянын социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Борбор жайгашкан имарат Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Сантерра-Юг” фондуна беш жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Имаратта тиешелүү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Учурда аталган фондго өлкөнүн түштүк аймактарынан 300дөн ашуун ата-эне катталган, алардын 70и Ош шаарынын тургундары болуп саналат. Ресурстук борбор балдарды өз алдынча жашоого даярдоо, ошондой эле ата-энелерге социалдык, психологиялык жана маалыматтык жардам көрсөтүү багытында иш алып барат.



