Кыргызстан Дубайдагы Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде «Ак илбирс» экономикалык моделин сунуштады

04.02.2026 | 09:36

Дубайдагы (БАЭ) Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) алкагында тездетилген өнүгүүнүн «Кыргызстандын «Ак илбирс» экономикалык өсүш модели: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу кыргызстандык моделинин презентациясы болуп өттү. Иш-чара Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку жетекчилигин, эл аралык эксперттерди жана дүйнөлүк бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн чогултту.

КР Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө «Ак илбирс» модели үч негизги түркүккө: өкмөттүк акселераторлорду киргизүүгө, мамлекеттик институттарды чыңдоого жана инвестиция тартууга негизделгенин баса белгиледи. Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ИДПсынын орточо жылдык өсүү темпи 9–10%ды түздү. ЭВФтин (МВФ) маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкө экономиканын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин алдыңкы үчилтигине кирген. Бул мезгилде республиканын мамлекеттик бюджети үч эсеге, ал эми ИДПнын көлөмү 2,5 эседен ашыкка көбөйгөн.

Трансформациянын негизги куралы БАЭ менен биргеликте ылайыкташтырылган «Өкмөттүк акселераторлор» программасы болду. Бул механизмдин алкагында Кыргызстанда «100 күндүк пландар» форматында 17 реформа ийгиликтүү ишке ашырылып, бул курулуш, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана логистика тармактарында жол-жоболорду түп-тамырынан бери жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берди. Кабмин башчысы реформалардын ийгилиги масштабдуу дебюрократиялаштыруу менен камсыздалганын белгиледи: мамлекеттик аппараттын функцияларын системалуу кайра карап чыгуу үчүн президенттин 7 жарлыгы, 19 мыйзам жана Министрлер кабинетинин 22 чечими кабыл алынган.

Панелдик талкуулардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана юстиция министри Аяз Баетов эл аралык коомчулукка институционалдык тазалыкка жана коррупция менен катуу күрөшүүгө негизделген «Ак илбирс экономикасынын» принциптерин сунушташты. Чет элдик делегациялар жана эксперттер Кыргызстандын экономиканы жөнгө салууну азайтуу (дерегуляция) жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу ылдамдыгы боюнча тажрыйбасына жогорку кызыгуусун билдиришти.

Саммиттин маанилүү учуру сыйлык тапшыруу аземи болду: Президент Садыр Жапаровдун атынан Адылбек Касымалиев эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусуна акселераторлорду ийгиликтүү киргизгендиги үчүн БАЭнин Министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль-Гергавиге «Достук» орденин тапшырды. Саммиттин эксперттери КРнын тажрыйбасын экономикасы калыптанып келе жаткан өлкөлөрдүн арасында мамлекеттик системаны реформалоонун эң динамикалуу жана үлгүлүү мисалдарынын бири катары таанышты.

Scroll to Top