Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат25-мартка карата аба ырайыКыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылды
Бишкекте терминалды уурдагандар кармалды
13.04.2020 | 09:40
Бишкекте терминал уурдаганга шектелип, 3 жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын комендатурасынан маалымдашты.
Ушул жылдын 6-апрелинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.
Маалыматка ылайык, терминалдын ичинде 61 миң 500 сом бар болгон. Ал эми терминалдын өзүнүн баасы 1 миң 500 долларды түзгөн.
Терминалды уурдаганга шектелип 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
[su_carousel source=”media: 25993,25995,25994″]
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар