Кыргызстанда жылына 200дөн ашык балага рак диагнозу коюлууда

Кыргызстанда жыл сайын балдар арасында онкологиялык оорулардын 210-220 жаңы учуру аныкталууда. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, учурда борбордо 2 миңден ашык бала каттоодо турат. Төрт жыл мурун бул көрсөткүч жылына 120-150 баланы түзсө, ага чейинки жылдары андан да аз болгон. Көрсөткүчтүн өсүшү оорунун көбөйүшү эмес, өлкөдө дартты аныктоо деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу. Мурда алыскы аймактардагы бейтаптар борборго жетпей, диагноз коюлбай калган учурлар көп болсо, учурда диагноздор убагында коюлуп жаткандыгы белгиленди.
Ошондой эле Султан Стамбеков балдар арасындагы онкологиялык оорулардын эң көп кездешкен түрү — ак кан (лейкоз) экенин билдирди. Ал жалпы учурлардын 30-40%ын түзөт. Ал эми мээ шишиктери диагноздордун 15%га чейин жетет. Адис мээ шишиги менен ооруган бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланган учурлар көп экенин, бул алардын көзөмөлсүз калышына себеп болорун кошумчалады.