Чүй облусунда 1 миллион сомдук акциздик маркасы жок тамекилердин партиясы аныкталды

14.04.2026 | 11:03

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Чүй облусунда тамеки продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюшту. Мыйзамсыз тамекилердин ири партиясы Москва районундагы Беловодск айылынан табылган.

Мыйзам бузуу фактысы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө аныкталган. Инспекторлор милдеттүү акциздик маркалары жок тамеки продукциясы андан ары сатуу максатында кампада сакталып турганын такташты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 7 540 куту тамеки табылган. Ведомствонун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, мыйзамсыз товардын жалпы баасы 1 миллион сомго жакынды түздү.

Бул факт боюнча салык кызматынын кызматкерлери тийиштүү актыларды түзүштү. Топтолгон бардык маалыматтар жана иштин материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Алар окуяга юридикалык баа берип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш.

Scroll to Top