№13 округ боюнча кайра шайлоо: Үгүт иштери башталды

Бүгүн, 9-февралда, №13 округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоонун алдындагы үгүт иштери башталды. Ал 28-февралга чейин жүрөт. Ал эми шайлоо 1-мартта өтөт.
БШКнын маалыматында, №13 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп 25 жаран катталды. Алардын 15и эркектер, ал эми 10у аял талапкерлер.
Комиссия бул округ боюнча 94 шайлоо участогу ачылганын, контролдук тизмеде 161 миң 344 шайлоочу бар экенин билдирди.
2025-жылдын 30-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрда, №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Буга бул округга караган 35 шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар себеп болгон. БШК аталган участоктордо катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын маалымдаган.