КР Саламаттык сактоо министрлиги Россиядагы кыргыз медиктери менен мекенге кайтып келүү маселелерин талкуулоодо

09.02.2026 | 10:28

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында аталган өлкөдө иштеп жаткан кыргыз медиктери менен жолугушту. Иш-чара КРнын Россиядагы Элчилигинде өтүп, ага Москвадагы 60ка жакын дарыгер катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — кыргызстандык медициналык кадрлардын мекенге кайтып келүү келечегин жана алардын Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунда иштөөсү, кесиптик өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр К. Досмамбетов тармактагы учурдагы реформалар, медициналык мекемелерди заманбапташтыруу, айлык акыларды жогорулатуу, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу тууралуу айтып берди. Медиктерди социалдык жактан колдоого, кесиптик өсүшкө жана жаш адистер үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Россияда иштеген кыргыз дарыгерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, сунуштарын айтышты жана Кыргызстанда ишке орношуу, адаптациялануу жана карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорун беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир нече жаш адис мекенге кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдиришти.

Министр Каныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо тутуму квалификациялуу адистерге муктаж экенин жана мамлекет мекенге кайтып келип, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштөөнү каалаган дарыгерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутуму квалификациялуу, мотивациясы бар жана өз кесибине берилген адистерге муктаж. Мамлекет биздин дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин Мекенге кайтып келишине, кесиптик жактан өсүшүнө жана калктын ден соолугун чыңдоого салым кошуусуна кызыкдар. Министрлик өз тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, иштөө жана жашоо үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө даяр», — деп билдирди министр.

Scroll to Top