Кытайга автоунааларды ташуу үчүн уруксат алуу жөнөкөйлөтүлдү

Кытайга эл аралык автомобиль ташуулары үчүн уруксат алуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда, Министрлер кабинетинин аппараттык жыйынында айтылды.
Реформа “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин айтымында, буга чейин ташуучулар уруксат алуу үчүн документтердин пакетин даярдап, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жеке өздөрү барууга тийиш болчу. Кагаз түрүндөгү документтерди иштеп чыгуу процесси 24 саатка чейин созулуп келген. Реформанын жыйынтыгында бул мөөнөт 10 мүнөткө чейин кыскартылды.
Бул максатта уруксаттарды электрондук түрдө бекитүү жана берүү үчүн «е-Пермит» (e-Permit) программасы иштелип чыккан. Эми арыздарды онлайн берүү жана электрондук капчыктар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мекемелер аралык маалымат алмашуу «Түндүк» платформасы аркылуу толугу менен санарип форматка өткөрүлдү.
2025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эл аралык автомобиль ташуулары үчүн 130 миң уруксат алмашылган. Жаңы система бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана интеграцияланган маалыматтык системаны түзүүгө багытталган.