Кыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилештиБала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөт
«Ала-Арча» жаратылыш паркында асма жолдун курулушу аяктады
10.02.2026 | 16:56

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында асма жолдун курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы маалымдады. Объектинин капсуласы бир жыл мурун салынган.
Асма жолдун узундугу бир чакырымды түзөт. Ал жалпы 16 кабина менен жабдылган. Анын ичинен 14 кабина 10 кишиге ылайыкталган, ал эми эки кабина төрт орундуу VIP-категориясына кирет. Курулуш иштерин австриялык Doppelmayr компаниясы ишке ашырды.
Учурда объектилерде техникалык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Кийинки этапта 23 чакырымдык асма жол жана родельбан куруу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом