Чет өлкөдө иштегендер үчүн бирдиктүү салыкка өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылды

11.02.2026 | 11:14

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) өлкөнүн чегинен тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн арыз берүү мөөнөтү узартылганын билдирди. Эми бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумуна 2026-жылдын 1-мартына чейин өтүүгө болот.

Мыйзамдарга ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып мындай салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Алгач арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралы деп белгиленген болчу. Бирок ишкерлердин көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен, мекеме документтерди кабыл алуу мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечимин кабыл алды.

Бул салык режимине өтүү үчүн салыктык каттоодо турган жердеги аймактык салык органына тийиштүү арыз менен кайрылуу зарыл.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү атайын салык режимине өтүүнү расмий тариздөө үчүн мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

Scroll to Top