Жогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырды

19.02.2026 | 11:07

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар альтернативдик кызмат өтөө үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууну караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленди:

  • Үй-бүлөлүк абалына байланыштуу чакырылган жарандар үчүн — 25 миң сом;
  • Ден соолугунун абалы боюнча чектөөсү бар жарандар үчүн — 40 миң сом;
  • Катталган диний уюмдун мүчөсү болгон жарандар үчүн — 50 миң сом;
  • Аскердик кызмат өтөбөгөн 22 жаштан 40 жашка чейинки жарандарга жана мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүнү каалагандарга — 75 миң сом;
  • Жогорку билими бар, запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервден өтүүнү жана офицердик наам алууну каалаган 30 жашка чейинкилер үчүн — 90 миң сом.

Мындан тышкары, аскердик каттоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн жеке жактарга салынуучу айып пулдун көлөмү 10 миң сомго чейин жогорулатылды.

Scroll to Top