Касымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашты
Вашингтонго болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Meta Platforms компаниясынын мамлекеттик саясат боюнча директору Молли Монтгомери менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун «жол картасын» — анын ичинде маалыматтык коопсуздук жана мамлекеттик аккаунттарды верификациялоо (тастыктоо) маселелери боюнча иштеп чыгуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Касымалиевге компаниянын технологиялык хабы көрсөтүлдү. Презентацияда жасалма интеллекти орнотулган смарт-көз айнектерге — медицина, билим берүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо куралы катары өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кабмин башчысы маселелерди ашыкча бюрократиялык жол-жоболорсуз ыкчам чечүү үчүн Кыргызстандын компания менен түз коммуникация каналдарына кызыкдар экенин белгиледи. Монтгомери өз кезегинде республиканын санариптик трансформациялоодогу прогрессин жогору баалап, Meta компаниясынын диалогду тереңдетүүгө даярдыгын тастыктады.