Ыңгайлуу: Бишкек мэриясы жарандарды коомдук транспортту колдонууга чакырдыСадыр Жапаров юридикалык өкүлдөр жөнүндө мыйзамга кол койдуТүндүк Кипрде кыргызстандык кыз бычактан жаракат алды — КР ТИМ кырдаалды көзөмөлдөп жататМэрия узак эс алуу күндөрүнүн алдында туристтик турларга арзандатууларды эске салды5-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуБишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскертти
Кыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратышты
16.04.2026 | 17:53

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн III Эл аралык математика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Чемпионат 8-13-апрель күндөрү өтүп, ага 12 өлкөдөн 198 окуучу катышты. Кыргызстандын атынан мелдешке 23 окуучу барган.
Алтын медалды Купуев Академиясынын 10-классынын окуучусу Адилет Шакиралиев алган. Ал эми «Газпром — Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу Артём Яголковский күмүш медаль тагынды. Мындан тышкары төмөнкү окуучулар коло медаль алышкан:
- Алманбет Иметов (8-класс, Купуев Академиясы);
- Нурайым Мухаматнабиева (10-класс, «Акылман» Президенттик мектеби);
- Сайкал Мамарасулова (10-класс, «Сапат» ББМдин «Айчүрөк» лицейи);
- Тилек Нурмаматов (10-класс, «Сапат» ББМдин Курманбек Баатыр атындагы лицейи).
Агартуу министрлиги бул жеңишти окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин биргелешкен эмгегинин натыйжасы катары баалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим