Бишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө
Борбор калаада мечиттерди документтештирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) балансына өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат, деп билдирет муфтият.
Анын маалыматы боюнча, кечээ Бишкек шаарынын Ленин районунда имамдар жана мечит ээлери менен көчмө жыйындар өттү.
КМДБдан билдиришкендей, 15-апрелде башкы имам-хатиб Сүйүнөлү ажы Кулуев хатибияттын кызматкерлери менен биргеликте аталган райондогу жеке жер тилкелеринде жайгашкан мечиттерди кыдырып чыкты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө имамдарга документтерди жол-жоболоштуруу, объектилерди диний башкармалыктын балансына коюу жана улуттук органдан тиешелүү күбөлүктөрдү алуу тартиби түшүндүрүлдү.
Иш-чаралардын алкагында бир катар мечиттердин ээлери менен жолугушуулар өттү, алардын ичинде «Жал», «Сыддык», «Аксана», «Ихлас», «Саид Афанди», «Абдулкарим», «Ыйман», «Нурул Харамайн», «Саад ибн Муаз», «Хамза бин Абдулмутталиб», «Жума Карып», «Хидаят Нур», «Хулафай Рашидин», «Фатих», «Жума Васипов», «Низамуддин», «Алтын-Ордо», «Ишен Ата» жана «Хайл Хижра» мечиттери бар.
Имамдарга муфтий жана өкүлчүлүк тарабынан коюлган тапшырмаларды өз убагында аткаруу сунушталды. Ошондой эле аларга мечиттердин тазалыгына жана ички тартибине, жума баяндарына даярданууга жана намаз убактыларын так сактоого көңүл буруу зарылдыгы эскертилди.