Ошко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болду

19.02.2026 | 13:21

Бүгүн, 19-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы Таалайбек Сарыбашевди №8 көп мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеӊешинин депутаты кылып каттады. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Сарыбашев Ош шаарына мэр болуп дайындалган Жанар Акаевдин ордуна келүүдө. БШК Акаевди мандатынан мөөнөтүнө мурда ажыратканын билдирди.

Scroll to Top