Сүрөтчү Кыял Аккүчүкова оймо-чиймелерди патенттөө, жоокер Сайкал жана этно-стиль экономикасы тууралуу
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын Дизайнерлер союзунун бешинчи көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөгө сүрөттөр, графикалык дизайн жана заманбап кийимдер коюлган. Уюштуруучулар тематикалык багытты белгилебесе да, көрүүчүлөрдүн көңүлү күтүлбөгөн жерден улуттук маданияттагы жана тарыхтагы аялдардын ролу жөнүндөгү ой жүгүртүүлөргө бурулду. Көргөзмөдө сүрөтчү Кыял Аккүчүкова көзгө урунду. Ал өзү тарткан үч сүрөтүн жана «Акжолтой» деп аталган автордук жоолуктар коллекциясын тартуулады. Сүрөтчү Reporter.kg менен болгон маегинде эмне үчүн «Манас» эпосундагы айым каармандыалгачкы феминист деп атоого болорун түшүндүрдү. Ошондой эле эмгектерин уурдатпоонун жолдорун айтып, эмне үчүн сүрөттөрүндө аялдын ички дүйнөсүн күн сыяктуу жарык кылып тартарына токтолду.

— Сиздин көргөзмөңүз “Манас” эпосунун башкы каарманы “Кыз-Сайкал” сүрөтү менен башталат. Эмне үчүн дал ушул сүрөттү тандап алдыңыз?
— Бул иш акрил жана май боёк менен аткарылган. Кыз-Сайкалдын образы мени бала кезимден бери кызыктырат: ал Манаска чакырык таштап, жекеме-жеке кармашта дээрлик жеңип чыккан аял. Эгер бул сюжетти заманбап контекстте карасак, ал алгачкы кыргыз феминисткасы. Эпоско ылайык, ал атаандашына болгон сыйынан улам токтоп, өзүнүн болгон күчүн атайылап көрсөткөн эмес. Менимче, күч менен акылмандыктын мындай айкалышы бүгүнкү коомдо курч суроо-талапка ээ.

— Сиздин чечмелөөңүз боюнча Кыз-Сайкалдын колдору атайын чоң жана кубаттуу тартылган. Бул физикалык күчпү же метафорабы?
— Экөө тең. Эпосто ал өмүр бою машыгып, жаа атып, кылыч чапкан баатыр кыз болгон. Ал жоокер аял. Ошондуктан мен сулуулуктун эстетикасын анын инсандыгынын ажырагыс бөлүгү катары физикалык күчтү көрсөтүү менен айкалыштырууга аракет кылдым.
— Сиз сүрөттөрдөгү сюжеттерди кездемеге көчүрүп, автордук жоолуктарды жаратасыз. Бул канчалык деңгээлде түз көчүрүү?
— Бул өзүнчө процесс. Картиналар сатылат, бирок сүрөттү жибекке же зыгыр кездемеге чыгарардан мурун мен ар бир принтти «КыргызПатенттен» патенттейм. Бүгүнкү күндө рынок плагиатка толуп кеткен. Оймо-чиймелерди гана эмес, бүтүндөй композициялык чечимдерди да уурдап жатышат. Патенттөө — бул менчикти коргоо. Мен патенттелген автордук эскиздердин негизинде гана кездеме үчүн чиймелерди иштеп чыгам.

— Сиздин иштериңиздин арасында жомоктун иллюстрациясы түшүрүлгөн жолук да бар…
— Ооба. Менин апам Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу. Мен анын отузга жакын китебин иллюстрацияладым. Көргөзмөдө «Ысык-Көл ашыктардын көзү менен» китебине тартылган иллюстрация түшүрүлгөн жолук коюлган. Жалпысынан, уламыштар жана эпостор менен иштөө менин ыкмамдын маанилүү бөлүгү. Бирок мен караңгы же трагедиялуу интерпретациялардан качууга аракет кылам. Ал тургай капалуу сюжеттерге кайрылганда да, жарыктыкты берүү мүмкүнчүлүгүн издейм. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасын окуп жатып, мен бугу-эне балдарын уктатып жаткан көрүнүштү тандадым. Чыгармада ал кайгылуу берилген, бирок мен бугунун мүйүздөрүн жылдызга окшош оюнчуктар менен сүрөттөп, түс аркылуу жылуулук жана тынчтык сезимин жеткирүүгө аракет кылдым. Чыгармачылык позитивдүү маанай тартуулап, шыктандырышы керек. Адамга кайгылуу окуясы бар жоолук белек кылууга болбойт.
— Оймо-чиймелер үчүн пластикалык мотивдерди кайдан издейсиз?
— Мен символдордун жана белгилердин салттуу тилин колдоном, бирок аны жеке сезимдерим менен толтурам. Мисалы, «Кыял» («Мечта») чыгармасы өзүмдүн назик аялдык сезимимден жаралган. Узун чачтардын сүрөтүнөн баштадым, алардын пластикасы толкундарга, андан соң канаттарга жана дарактарга айланды. Бул жердеги оймо-чийме бул ойдун кыймылынын белгиленип калышы.

— Кайсы эмгегиңиз көрүүчүлөр арасында эң күчтүү реакция жаратат?
— Мындан он жыл мурун жазуучу Топчүгүл Шайдуллаеванын буйрутмасы менен тартылган «Балакана» картинасы. «Балакана» деген сөздү мен өзүм үчүн «эненин жатыны» деп которуп алгам. Негизи, аялдын коомдогу абалы сыяктуу татаал тема жатат, мында узак убакыт бою анын баалуулугу уул төрөө менен аныкталган. Аял турмушка чыгып, мураскер төрөп, үй-бүлөгө кызмат кылууга тийиш болгон жана карыганда гана урматка ээ болгон. Элибиздин акылмандыгына карабай, турмушта аялга карата кайдыгер мамилелер да кездешкен. Жазуучу дал ушул теманы козгогон. Жазуучу дал ушул теманы көтөргөн. Бирок мен социалдык проблемадан алыстап, энеликти тукум улоо, күчтүн булагы катары көрсөткүм келди.
Визуалдык жактан бул иш караңгы түстөрдө сүрөттөлгөн Анда ай бар, түнкү абал бар. Бирок аялдын фигурасынын ичинде күн тартылган. Бул принципиалдуу учур: сырткы жагдайларга карабастан, аялда ички жарык бар. Эненин сүйүүсү чексиз, ал баарын кучагына батырат. Картинадагы аялдын көздөрүнүн жумулуп турганы кокусунан эмес, бул жаңы абалга сүңгүү, тынчтык менен өзгөрүүнүн ырахатын сезүү учуру. Мен үчүн бул абдан жеке, балдар менен өткөргөн түнкү сааттар, эч ким мени алаксытпаган убак.
Маалымат иретинде
Кыял Аккүчүкова — сүрөтчү, иллюстратор, дизайнер. Ал улуттук эпостор жана энелик темаларды изилдеген бир катар сүрөттөрдүн жана кездеме басылмаларынын автору. Бардык графикалык чыгармалар «КыргызПатент» тарабынан патенттелген. Ал Бишкекте өткөн Кыргызстандын Дизайнерлер союзунун бешинчи көргөзмөсүнүн катышуучусу.