Студент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташат

А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту Кореянын алдыңкы жогорку окуу жайлары: Dong-eui технологиялык институту жана Kyungdong университети менен кызматташтык боюнча үч тараптуу келишим түзүштү.
Келишим билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды чыңдоого багытталган. Документтин алкагында төмөнкү иш-чаралар пландалууда:
- биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу;
- студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык алмашууларды уюштуруу;
- мектепке чейинки билим берүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- маданий иш-чараларды өткөрүү.
Мындан тышкары, тараптар корей тилин окутуу боюнча окуу борборлорун ачуу маселесин карашууда.
Иш-чарага Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова катышты. Ал мектепке чейинки жана кесиптик башталгыч билим берүү тармактарында тажрыйба алмашууну, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну жана адистерди даярдоо багытында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады.