Улуттук госпиталда бөйрөктү акысыз алмаштыруу боюнча операция жасалды
26-февралда Улуттук энени жана баланы коргоо борборунда (УЭББ) кезектеги бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операция акысыз негизде болуп өттү.
Бейтап 2018-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде жүргөн 1981-жылы туулган эркек киши болду. Ага 1978-жылы туулган бир тууган агасы донор болуп берди. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, учурда эки бир туугандын тең абалы канааттандырарлык.
УЭББде бөйрөктү трансплантациялоо 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бул мезгил аралыгында борбордун дарыгерлери 81 операция жасаса, анын дээрлик жарымы — 38 операция бюджеттик (акысыз) негизде жүргүзүлгөн.
Операциялардын жогорку коопсуздугу мекемеге киргизилген иммунологиялык тестирлөөнүн заманбап усулу менен камсыздалат. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- HLA системасы боюнча гистошайкештикти аныктоо;
- кайчылаш тест (Crossmatch) жүргүзүү;
- PRA көрсөткүчүн эсептөө.
Бул технологияларды колдонуу дарыгерлерге дарылоонун мыкты узак мөөнөттүү натыйжаларына жетишүүгө жана бейтаптар үчүн тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк оорусунун 5-стадиясындагы 200гө жакын бейтап трансплантациялоого муктаж жана күтүү тизмесинде турат.
УЭББнин медициналык бригадасы жарандарды консультация алуу жана келечектеги мүмкүн болуучу операцияларга кесипкөй даярдык көрүү үчүн кабыл алууга даяр экенин билдирет.