Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мамлекеттердин катарында Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Оман Султанаты бар.
Министрлик бул маселе көзөмөлдө экенин жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.
Учурда аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн жарандарга төмөнкүдөй коопсуздук чараларын сактоо сунушталат:
- Этияттык чараларын көрүү, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болуу;
- Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын коопсуздук боюнча талаптарын так аткаруу;
- Өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын жанында алып жүрүү;
- Расмий билдирүүлөрдү туруктуу көзөмөлдөө.
Мындан тышкары ТИМ жарандарга Жакынкы Чыгыштагы Кыргызстандын мекемелеринин ыкчам байланыш телефондорун берди:
- КРнын Кувейттеги элчилиги: +96550887691;
- КРнын Катардагы элчилиги: +97450667001;
- КРнын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги: +966583769945;
- КРнын БАЭдеги элчилиги: +971522255269;
- КРнын Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971522918840;
- КРнын Ирандагы элчилиги: +982122830354; +989352505229;
- КР Израилдеги резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан элчилиги: +90 545 689 68 00;
- КРнын Ооганстандагы элчилиги: +93 77 9099326;
- КРнын Пакистандагы элчилиги: +92 3335556343;
- КРнын Израилдеги ардактуу консулу: +972 53 3214916
- КР ТИМнин консулдук департаменти: +996999312002;
Мекеменин маалыматында, Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар. Анын ичинен 10 миңге жакыны Бириккен Араб Эмирликтеринде, ал эми Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул. Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар.