Көпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайы

11.03.2026 | 09:00

Бүгүн, 11-мартта, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ашууларга кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10°C, күндүз -2…-7°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -6…-11°C, күндүз -2…-7°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 0…5°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 0…-5°C, күндүз 0…5°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 0…-5°C, күндүз -1…4°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8°C, күндүз -3…2°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10°C, күндүз 0…-5°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°C, күндүз -5…-7°C болот.
Scroll to Top