Министрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти
Кыргызстандын Министрлер кабинети Бишкек шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планы жөнүндө токтом долбоорун бекитти. Чечим 24-апрелде премьер-министр Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.
Документ борбор калааны туруктуу социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, функционалдык зоналарды пландоо, республикалык жана жергиликтүү маанидеги объекттерди аныктоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан.
Ушул эле жыйында «КР Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жактырылды — документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, Башкы прокуратура Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер тууралуу отчет берди. Стратегия 13 багытты жана коррупцияга каршы 137 иш-чараны камтыйт, аларды аткаруучу катары 40ка жакын мамлекеттик орган аныкталган.