Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүн

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге №2 ДЕПОнун аймагында кытайлык «Geely Group» компаниясынын электробустары тааныштырылды.
Көрсөтүлгөн узундугу 8,5 метрден бир аз ашкан модель шаар шартында иштөөгө ылайыкташтырылган: анын компакттуу өлчөмү унаа кыймылы тыгыз жолдордо оңой маневр жасоого мүмкүндүк берет. Электробус кубаттуулугу 100–200 кВт болгон кыймылдаткыч жана кеминде 250 чакырым аралыкты басып өтүүнү камсыздаган 170 кВт·саат батарея менен жабдылган. Дискалык тормоздор жана пневматикалык асма (подвеска) жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздайт.

«Geely Group» компаниясы 88ден ашык өлкөдө иш алып барат жана дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун сервистик борборлору бар.
Тааныштыруунун жыйынтыгы менен тармактык кызматтарга транспорттун мүнөздөмөлөрүн жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кылдат изилдеп чыгуу тапшырылды. Акыркы чечим ар тараптуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынат.