Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат

17.03.2026 | 09:52

Ушул жылдын июль айынан баштап «Air China» авиакомпаниясы Бээжин – Бишкек – Бээжин багыты боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт. Учуулар жумасына үч жолу ишке ашырылат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы маалымдады.

Жаңы маршрут эки өлкө ортосундагы саякаттоо, бизнес жана маданият алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Учурда Бишкектен «China Southern» авиакомпаниясы жумасына алты жолу каттамдарды аткарып келет. Жаңы авиаташуучунун ишке кириши менен Кытай менен болгон авиабайланыштын жеткиликтүүлүгү жогорулайт.

“Түз авиабайланышты чыңдоо туристтик, гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган”,- деп билдирди ишкана.

Scroll to Top