Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү
Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган
17.03.2026 | 10:33

2026-жылдын январь айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 220,3 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Акча которуулардын негизги агымы КМШ өлкөлөрүнө туура келип, 205,7 млн долларды түзгөн. Алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулардын көлөмү 14,6 млн доллар болгон.
Ошол эле учурда январь айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 17,7 млн доллар жөнөтүлгөн. Анын ичинен 16,3 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө, ал эми 1,4 млн доллар алыскы чет өлкөлөргө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика