Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Кыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда
19.03.2026 | 14:58

2026-жылдан тарта Кыргызстанда 773 айылда таза суу долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, учурда 120 айылда курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. 229 айыл боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Мындан тышкары, 27 айылда курулуш жумуштарына сатып алуулар жана тендерлер өткөрүлүүдө.
Документтерди топтоо жана долбоорлоого даярдык көрүү иштери 219 айылда жүрүүдө. Анын ичинен 95 айылда тийиштүү иш-кагаздар толугу менен топтолуп бүттү. Ошондой эле 177 айылда техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо баскычы жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом