Казакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишетИран АКШга карата талаптарын катаалдантты: ИРСКнын таасиринен улам сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелдиКыргызстан эл аралык агрофорумга катышууда: тараптар технологияларды трансферлөө аркылуу АӨКтү заманбапташтырууну макулдаштыСокулукта ооруканага караштуу имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды
Кыргызстандык мугалим «КМШдагы мыкты педагог» сынагынын жеңүүчүсү болду
26.03.2026 | 13:25

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 бала бакчанын директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында биринчи орунду ээледи.
Агартуу министрлигинин маалыматында, сынактын жыйынтыктоочу баскычы 24-мартта Астана шаарында өттү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты. Аида Жаңыбаева 7-февралда башталган биринчи турдан өтүп, экинчи баскычка жолдомо алган.
Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык педагог I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим