«Алтын-Булак» санаторийи жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыМАР Кыргызстанда балдар бакчаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө 6,36 млн доллар бөлөтӨлкөдө кенелердин активдүүлүгү башталды. Жыл башынан бери кене чаккан 17 учур катталдыБишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдөУлуттук онкология борбору, Бета Сторес-2, Космопарк: 31-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт
Нарында айдоочу каршы тилкеге чыгып, эки кишини сүзүп кетти
30.03.2026 | 11:28

Кечээ, 29-мартта, Нарын шаарында айдоочу эки кишини сүзүп кетти. Жол кырсыгы тартылган видео соцтармактарда тарап жатат. Анда унаанын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыгып, жол жээгинде басып бара жаткан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Саламаттык сактоо министрлиги Reporter.kg’ге маалымдагандай, учурда жабырлануучулардын абалы өтө оор деп бааланууда. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда аларга бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар