Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөт

31.03.2026 | 15:16

Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө 1-3-апрелге чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы маалымдады.

Газ берүү жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта өчүрүлөт:

  • Жантөшев көчөсү;
  • Байтик Баатыр көчөсү;
  • Лев Толстой көчөсү;
  • Кара-Дарыя көчөсү;
  • Горький көчөсү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү.

Ошондой эле чектөөлөр «Кыргызавтомаш» заводуна, макарон цехине, «Жыргал» жана «Байтур» мончолоруна тиешелүү болот.

«Бишкекгаз» ишканасы абоненттерге газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Scroll to Top