Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калды
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз негизде алмаштыруу боюнча акциянын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 350 миллион сомго жакын каражат түшпөй калды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди.
Ал акция 15-январда башталып, 31-мартка чейин созулганын, ал эми 1-апрелден тарта мөөнөтсүз күбөлүктөрдү алмаштыруу акы төлөнүүчү болуп каларын эскертти.
Салимжанов тактап өткөндөй, акция учурунда жарандарга 378 миң жаңы айдоочулук күбөлүк акысыз берилди.
Аткаминердин айтымында, 2026-жылдын аягына чейин мөөнөтсүз күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083-формасындагы медициналык маалымкат талап кылынбайт. Ал эми жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүгү бар айдоочуларга келсек, алар документтерин кадимки тартипте алмаштыра алышат.